UNODC ЖАШТАР ФОРУМУНА КАТЫШУУЧУЛАРДЫ ТАНДОО СЫНАГЫНА АРЫЗДАР КАБЫЛ АЛЫНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Август 2023 ж. 17:37

Көрүлдү: 1593

2023-жылдын 20-августуна чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Жаштар демилгеси тарабынан уюштурулган, 2024-жылдын март айында Вена шаарында өтө турган Эл аралык жаштар форумуна катышуучуларды тандоо сынагына арыздар кабыл алынууда.

post.title

14-23 жаштагы адам, англис тилин билген, психоактивдүү (баңги) заттарды колдонуунун алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо боюнча иштелмеси бар, сергек жашоону пропагандалоо боюнча ар кандай иш-чаралардын активдүү катышуучусу, жаштардын көйгөйлөрүнө кызыккан жана БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Эл аралык жаштар форумунун ачык аянтында баяндама сунуштоого даяр жаштар сынакка катыша алышат.

Сынакка катышуу үчүн saltanat-omurkanova@mail.ru электрондук дарегине арыз жазып, документтерди жөнөтүү керек:
- өмүр баян;

- резюме;

- психоактивдүү (баңги) заттарды колдонуунун алдын алуу же ден соолукту чыңдоо боюнча жасала турган жумуштар тууралуу ой-пикири, чыгармачыл идеяларын ишке ашыруу, жаңычылдык жана оригиналдуулук камтыган видео-презентация түрүндөгү визиттик карточкасы (3 мүнөткө чейин, сапаттуу);

- паспорттун/туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.

Шарттар менен кененирээк БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Эл аралык жаштар форумуна катышуучуларды тандоо жобосунан окуй аласыз - https://edu.gov.kg/announcements/280/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар