Чүй облусунун Мыкан айылында жаңы мектеп ачылды

Автор: Борбордук аппарат

25 Октябрь 2021 ж. 19:20

Көрүлдү: 914

Бүгүн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мыкан айылында жаңы курулган 300 окуучу орунга ылайыкталган мектептин ачылыш аземи болду.

post.title

Иш-чарага мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев катышты.

С. Жапаров салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып: «Өлкөбүздө билим берүү мекемелери канчалык көп болсо, класс комплекттер да ошончолук көп болуп, окуучуларыбыз кеңири сапаттуу билим алышат», - деп билдирди. Ошону менен катар президент мугалимдерге кайрылып: «Келечек ээлери болгон балдарыбыздын дүйнөдө билим жаатында атаандаштыкка чыгуусу үчүн аларга 21-кылымдын талаптарына ылайык сапаттуу билим берүү сиздерге түздөн-түз байланыштуу. Педагогикалык чеберчиликти мезгил талабына ылайык өркүндөтүшүңүздөр керек. Анткени ар тараптуу өнүккөн мугалим гана билимдүү, тарбиялуу окуучуларды өстүрүп чыгарат», - деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, жаңы мектептин курулушуна Мусулман жаштарынын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы финансылык колдоо көрсөттү.

Бүгүнкү күндө бул мектепте окуучулар 2 нөөмөттө окуп жатышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар