БИШКЕКТЕ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ОКУТКАН КЛАССТАРДЫН САНЫ КӨБӨЙӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Июль 2023 ж. 11:33

Көрүлдү: 875

Бишкек шаарында жалпы 103 мектеп болсо, анын 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

post.title

Окутуу толук кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 14 мектеп:

  • Ленин району -  ОМ №77, №93, МГ №68;
  • Октябрь району - МГ №91;
  • Биринчи май району - ОМ №81, №86, №99, №101, МГ №69, №78, БГИ №1;
  • Свердлов району - ОМ №43, №87, МЛ №76.

Окутуу толук орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектеп:

  • Ленин району - ОМ №25, ШГ №13;
  • Октябрь району - ШРМ №1, ШГ №20, №26, №37, МЛ №17;
  • Биринчи май району - ОМ №27, №41, МГ №24, №29, №48, МЛ №61;
  • Свердлов району - МГ №12, №23, №33.

Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлгөн 73 мектеп:

  • Ленин району - ОМ №2, №7, №8, №22, №40, №42, №44, №47, №50, №55, №57, №58, №59, №79, №80, №82, №84, №90, №96, №97, №102, ШРМ №10, МГ №9, №31, №72, №95, МЛ №74;
  • Октябрь району - ОМ №3, №14, №34, №56, №60, №71, ;73, №88, №98, №97, №100, №103, ШГ №39, №62, №63, №64;
  • Биринчи май району – ОМ №15, №18, №19, №49, №54, №83, МГ №6, №70, МЛ №28, №75;
  •  Свердлов району – ОМ №1, №10, №11, №16, №21, №30, №32, №35, №45, №46, №52, №53, №85, №89, №94, МГ №4, №38, №51, №66, №67, МЛ №65.

2023-жылдын 25-июлунда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектепке кыргыз класстарын ачуу боюнча тапшырма берилди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-февралында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарын, тайпаларын ачуу жөнүндө №16 сандуу буйругун чыгарган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар