РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМИССИЯ “ЭЛ ҮМҮТҮ” СТИПЕНДИЯСЫН ЫЙГАРУУ ҮЧҮН ТИЗМЕНИ КАРАП ЧЫКТЫ
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
26 Июль 2023 ж. 19:42
Көрүлдү: 2321
2023-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында 2022-2023-окуу жылында “Эл үмүтү” стипендиясы ыйгарылган экинчи окуу жылындагы стипендиаттардын тизмеси жана 2023-2024-окуу жылына карата стипендияга талапкер болгондордун тизмеси каралды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы ПЖ №146 “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы уюштуруу” Жарлыгы таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана шыктануусун арттыруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундун адистерин даярдоо үчүн шарттарды камсыз жана колдоого багытталган.
2022-2023-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына татыктуу болгон экинчи окуу жылынын стипендиаттарынын тизмеси:
- Кадырова Айдай Кадыровна – Колумбия университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик программа;
- Шаршенова Альбина Уранбековна – Колумбия университети, өнүктүрүү практикасы боюнча ишкердик башкаруу жаатында магистрдик программа;
- Исаева Эльвира Жумакалыевна – Копенгаген университети (Дания), “Коомдук саламаттыкты сактоо” жаатында PhD;
- Эдилбаев Алмаз Айдарбекович – Техас университети, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-2024-окуу жылына карата “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына талапкерлердин тизмеси:
- Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
- Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;
- Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Висконсин-Мэдисон университети, АКШ, физика жана кванттык эсептөө боюнча магистратура;
- Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;
- Жакыпбекова Бермет – Лондон экономика жана саясат таануу мектеби, социалдык инновация жана ишкердик боюнча магистратура;
- Ибраимов Чынгыз Анарбекович – Инсеад, Сингапур, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа;
- Каниметов Абдырай – Макгилл университети, Канада, бизнести башкаруу боюнча магистратура;
- Осмонова Алина – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомчулук менен байланыштар мектебинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
- Сташевская Валерия Алексеевна – Эдинбург университети, “Бизнес-аналитика” багыты боюнча магистратура;
- Төрөбеков Чыңгыз – Вашингтон университети, “Жетекчилер үчүн бизнести башкаруу” глобалдык магистратура;
- Абабакиров Нуршат Абдисаламович – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
- Абдинабиева Сапаргул Абдинабиевна – Сассекс университети, “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратура;
- Айтабаев Ойбек Атмакович – Пенсильвания университети, жогорку билим берүү мектеби, “Билим берүүдөгү ишкердүүлүк” магистрдик программасы;
- Камчыбекова Мээрим Камчыбековна – Гарвард жогорку билим берүү мектеби/Гарвард университети, дизайн, инновация жана технология боюнча магистратура;
- Уланбек кызы Суйумкан – Колумбия университети, маалымат журналистикасы боюнча магистратура;
- Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
- Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.
Республикалык комиссиянын кабыл алган чечимдери тууралуу бекитилген соң кабарлайбыз.
Бөлүшүңүз