РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМИССИЯ “ЭЛ ҮМҮТҮ” СТИПЕНДИЯСЫН ЫЙГАРУУ ҮЧҮН ТИЗМЕНИ КАРАП ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Июль 2023 ж. 19:42

Көрүлдү: 2188

2023-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссиянын жыйыны болуп өттү.

post.title

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында 2022-2023-окуу жылында “Эл үмүтү” стипендиясы ыйгарылган экинчи окуу жылындагы стипендиаттардын тизмеси жана 2023-2024-окуу жылына карата стипендияга талапкер болгондордун тизмеси каралды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы ПЖ №146 Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы уюштуруу” Жарлыгы таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана шыктануусун арттыруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундун адистерин даярдоо үчүн шарттарды камсыз жана колдоого багытталган.

2022-2023-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына татыктуу болгон экинчи окуу жылынын стипендиаттарынын тизмеси:

  • Кадырова Айдай Кадыровна – Колумбия университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Шаршенова Альбина Уранбековна – Колумбия университети, өнүктүрүү практикасы боюнча ишкердик башкаруу жаатында магистрдик программа;
  • Исаева Эльвира Жумакалыевна – Копенгаген университети (Дания), “Коомдук саламаттыкты сактоо” жаатында PhD;
  • Эдилбаев Алмаз Айдарбекович – Техас университети, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-2024-окуу жылына карата “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына талапкерлердин тизмеси:

  • Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
  • Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;
  • Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Висконсин-Мэдисон университети, АКШ, физика жана кванттык эсептөө боюнча магистратура;
  • Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;
  • Жакыпбекова Бермет – Лондон экономика жана саясат таануу мектеби, социалдык инновация жана ишкердик боюнча магистратура;
  • Ибраимов Чынгыз Анарбекович – Инсеад, Сингапур, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Каниметов Абдырай – Макгилл университети, Канада, бизнести башкаруу боюнча магистратура;
  • Осмонова Алина – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомчулук менен байланыштар мектебинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Сташевская Валерия Алексеевна – Эдинбург университети, “Бизнес-аналитика” багыты боюнча магистратура;
  • Төрөбеков Чыңгыз Вашингтон университети, “Жетекчилер үчүн бизнести башкаруу” глобалдык магистратура;
  • Абабакиров Нуршат Абдисаламович Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Абдинабиева Сапаргул Абдинабиевна Сассекс университети, “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратура;
  • Айтабаев Ойбек Атмакович – Пенсильвания университети, жогорку билим берүү мектеби, “Билим берүүдөгү ишкердүүлүк” магистрдик программасы;
  • Камчыбекова Мээрим Камчыбековна Гарвард жогорку билим берүү мектеби/Гарвард университети, дизайн, инновация жана технология боюнча магистратура;
  • Уланбек кызы Суйумкан – Колумбия университети, маалымат журналистикасы боюнча магистратура;
  • Якубжанова Хилола Оманжановна Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.

Республикалык комиссиянын кабыл алган чечимдери тууралуу бекитилген соң кабарлайбыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар