МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ИСЛАМ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Июль 2023 ж. 17:52

Көрүлдү: 624

2023-жылдын 26-июлунда билим берүү жана илим министр Каныбек Иманалиев Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык кеңсесинин башчысы Ибрахим Шукри жана ИӨБдүн Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк өкүлү Кубанычбек Акматов менен жолугушту.

post.title

Министр билим берүү тармагындагы артыкчылыктар, максаттар, пландар, кыйынчылыктар жана чакырыктар жөнүндө айтып берди.

Тараптар билим берүү тармагындагы долбоорлорду талкуулашты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасына Ислам өнүктүрүү банкынын миссиясы келген, 24-июлдан 28-июлга чейин ИӨБдүн Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүк стратегиясы боюнча тобу концептуалдык катты даярдоо боюнча маалыматты консолидациялоо үчүн кызыкдар түзүмдөр менен жолугушат. Бул жолугушуулардын алкагында Каныбек Иманалиев ИӨБ өкүлдөрү менен кызматташтыкты кеңейтүү, Билим берүү үчүн глобалдык өнөктөштүк программасы боюнча долбоорду ишке ашырууну талкуулады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар