АБИТУРИЕНТ-2023: II ТУРДА 11 МИҢ 598 АРЫЗ ТҮШТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Июль 2023 ж. 16:53

Көрүлдү: 2118

Бүгүн, 26-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктап, 11 миң 598 арыз катталды. Анын ичинен 3 миң 886сы бюджеттик негизде окууга, 7 миң 598и контракттык негизде окууга.

post.title

ЖОЖдорго кабыл алуунун I турунда 26 миң 546 арыз катталып, анын ичинен 12 миң 902 абитурент кабыл алынды.

Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго эң көп кабыл алынгандар:

  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2 миң 115
  • Ош мамлекеттик университети –  1 миң 864
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети –  1 миң 563
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 938
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 891
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 811
  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 635

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар