КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР КИБЕРКООПСУЗДУК БОЮНЧА ЖАЙКЫ МЕКТЕПКЕ КАТЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Июль 2023 ж. 16:30

Көрүлдү: 1819

Кыргызстандык 5 окуучу Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан “Cyber Summer School – 2023” жайкы мектебине катышууда.

post.title

Жайкы мектепке катышып жаткан кыргызстандык окуучулар:

  • Мальвина Апиева, Баткен облусу, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби;
  • Алихан Муратов, Ысык-Көл облусу, С.Каралаев атындагы №6 орто мектеби;
  • Темирбек Закирбеков, Бишкек шаары, №67 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Ариет Камутов, Бишкек шаары, “Маариф” билим берүү комплекси;
  • Наиля Турдубаева, Жалал-Абад облусу,  “Билимкана-Кербен” мектеби.

24-июлдан 29-июлга чейин жайкы мектепке Түркия, Израил, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 125 окуучу катышууда.

Cyber Summer School – 2023” жайкы мектеби – бул катышуучуларга тренингдерди, технологиялык турларды жана киберкоопсуздук боюнча викториналарды сунуштаган жыл сайын өтүүчү иш-чара.

Жайкы мектепке англис тилин билген, маалыматтык технологиялар боюнча керектүү билимдери бар жана сынактан өткөн12-16 жаштагы өспүрүмдөр катыша алат.

Белгилей кетсек, жайкы мектеп Азербайжандын Киберкоопсуздук уюмдарынын Ассоциациясы тарабынан мектеп окуучулары жана өспүрүмдөр үчүн уюштурулган.

https://akta.az/en/view/18/105/the_opening_of_the_summer_school_took_place_at_the_bilgah_recreation_center_of_the_state_security_service

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар