КОЛЛЕДЖДЕРГЕ ТАНДООНУН I ТУРУНДА 30 МИҢ 531 АРЫЗ КАТТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Июль 2023 ж. 17:15

Көрүлдү: 2219

Орто кесиптик окуу жайларына тандоонун биринчи турунда 30 миң 531 абитуриенттин арызы катталды.

post.title

10-июлдан 20-июлга чейин созулган биринчи турда эң көп өтүнмөлөр Бишкек медициналык колледжине – 1 миң 597, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжине – 1 миң 198, Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжине – 1 миң 49 түшкөн.

2023-2024-окуу жылына карата орто кесиптик окуу жайларына тандооАбитуриент онлайн https://2020.edu.gov.kg/spuz/ автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт. Абитуриенттер колледждин жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Эскерте кетсек, тандоонун экинчи туруна арыздар 28-июлдан 7-августка чейин, үчүнчү турга 14-августтан 24-августка чейин кабыл алынат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар