МИНИСТР KOICAнын ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН МЕКТЕП ТАМАК-АШЫН ЖАКШЫРТУУ ДОЛБООРУН ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Июль 2023 ж. 14:53

Көрүлдү: 2056

2023-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынны билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушту.

post.title

Тараптар жергиликтүү айыл чарба продукциясын колдонуу менен мектеп тамак-ашын жакшыртуу жана климаттык оптималдаштырылган өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорду талкуулашты.

Долбоорду ишке ашыруу 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жактырылып, Корея Эл Аралык Кызматташтык Агенттигинин кароосуна берилгенден кийин башталат. “Жергиликтүү фермерлердин продукциясын пайдалануу менен мектеп тамак-ашын уюштуруу” долбоорунун пландалган бюджети 12 млн АКШ долларын түзөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар