КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ "САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК" КУРСУ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Июль 2023 ж. 12:39

Көрүлдү: 2885

Бүгүн, 20-июлда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” Коомдук бирикмеси жаштардын санариптик сабаттуулугун жана көндүмдөрүн жогорулатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.

post.title

Меморандумга кол коюуга билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев менен “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” Коомдук бирикмесинин тең негиздөөчүсү, “Санарип Инсан” долбоорунун координатору Азиз Солтобаев катышты.

Аталган Меморандумдун алкагында санариптик сабаттуулукту жана көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча Microsoft” компаниясынын Санариптик сабаттуулук окуу курсу толук кыргыз тилинде иштелип чыгат. Ошондой эле “Мобилдик интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү курал” колдонмо китеби электрондук вариантта жарык көрөт.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен “Санарип Инсан” долбоору Пайтон программалоо тили боюнча кыргыз тилиндеги окуу курстарын иштеп чыккан. Анда 70тен ашык видео сабактар  https://www.youtube.com/playlist?list=PLMi3cAj2tpBz9TEXvGHJ473Mb-luPrBR5 жана атайын материалдар бар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар