ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН ЖОЖдорго ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ 19-АВГУСТКА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Июль 2023 ж. 18:50

Көрүлдү: 899

2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алууга чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүнгөн.

post.title

Сынакка этникалык кыргыздар - Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын жарандары катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2023-жылдын 18-августу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

Конкурстук программага катышуу боюнча суроолорго маалымкаттар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жиберсе болот.

Толугураак маалымат https://edu.gov.kg/announcements/272/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар