КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КҮЧӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Июль 2023 ж. 18:16

Көрүлдү: 840

18-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Сиань Сыюань университетинин (Xi’an Siyuan University, КНР) делегациясын кабыл алышты.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана Сиань Сыюань университетинин проректору Чжао Мин Юй ОшМУнун студенттерин Сыюань университетине тандоо боюнча келишим тууралуу айтып беришти. Студенттер окууну аяктагандан кийин кош диплом, тагыраагы ОшМУ менен Сиань Сыюань университетинин бакалавр даражасын ала алышат.

Кыргызстанга болгон иш сапарында Сиань Сыюань университетинин делегациясы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине болуп, Кыргыз-Орус Славян университети жана Кыргыз улуттук агрардык  университетинде өз ара кызматташууну жөнгө салуу максатында жолугушууларды пландаштырып жатканын билдирди.

Тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, кытай университетинин делегациясынын жетекчиси Билим берүү жана илим министри менен ОшМУнун ректорун октябрь айында Сыюань университетине келип кетүүгө чакырды.

Кошумчалай кетсек, Сиань Сыюань университети 1998-жылы негизделген жеке менчик жогорку окуу жайы. Университетте 15 факультетте 82 адистик боюнча 22 миң студент билим алат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар