ОшМПУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ ЖАНА СТУДЕНТТЕРИ ОРУСИЯНЫН “ЖАШТАР. ИННОВАЦИЯ. БИРИМДИК” ДОЛБООРУНА КАТЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Июль 2023 ж. 16:16

Көрүлдү: 641

10-июлдан 23-июлга чейин Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары жана студенттери Россиянын “Жайкы университет – 2023” федералдык долбооруна катышып жатат.

post.title

25 өлкөдөн миңден ашуун студенттер иш-чаранын орус тили жана маданияты, моделдөөнүн жаңы технологиялары, виртуалдык жана кеңейтилген реалдуулук, Россия жана глобалдык дүйнөдөгү эл аралык мамилелер, дизайн чөйрө жана тактикалык урбанизм, экологиялык дизайн жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү, келечектин технологиялары: физика жана инженерия, оюн дизайны: илим жана практика деп аталган багыттары менен тааныша алышат.

 “Жаштар. Инновация. Биримдик” Эл аралык билим берүү долбоору чет өлкөлүк студенттерди илимий жана билим берүү күн тартиби менен тааныштыруу, эл аралык студенттер коомчулугун түзүүгө жана анын өнүгүшүнө көмөктөшүүгө багытталган.

Долбоор Россия Федерациясынын жогорку билим берүү жана илим министрлиги жана Казань (Приволжск) Федералдык университети тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар