КЫРГЫЗСТАНДА ЖАҢЫ БЕШ КЕСИП ДАЯРДАЛА БАШТАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Июль 2023 ж. 18:57

Көрүлдү: 2358

“Ала-Тор” Эл аралык университетинин базасында жаңы инновациялар жана IT медицина университети түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясынын жыйында билдирди.

post.title

Бул жерде 5 жаңы кесип даярдалат:

  • климаттык өзгөрүү,
  • урбанистика,
  • жасалма интеллект,
  • логистика,
  • IT медицина.

Каныбек Иманалиев башталгыч кесиптик билим берүү багытында кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай биргелешкен лицейлерин түзүү боюнча Меморандумга кол коюлгандыгын, 8 колледж Алдыңкы тажрыйба борборлору болуп таанылгандыгын, Ош мамлекеттик университетинде М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылгандыгын, ал эми октябрь айында Орусия Президентинин Кыргызстанга болгон сапары учурунда Москва мамлекеттик университетинин филиалын Караколдо ачуу жөнүндө келишимге кол коюла тургандыгын билдирди.

Ошондой эле министр 2024 - жылы Кыргызстандын билим берүү министрлигине 100 жыл толоорун айтып, “Билим бардыгына – мүмкүнчүлүктөр бардыгына!” деген ураан алдында Глобалдык форум өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар