КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “БУЛ УЛУТТУК ПАТРИОТТУК ДЕҢГЭЭЛДИ ЖАНА УЛУТТУК ӨНДҮРҮШТҮ ДА КӨТӨРӨТ”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Июль 2023 ж. 18:38

Көрүлдү: 2174

Бүгүн, 18-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликтин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отчет берди.

post.title

Каныбек Иманалиев буга чейин билим берүүгө мындай колдоо болбогондугун айтып, Билим берүү жана илим министрлиги КР Президентинин тапшырмаларын - 95,6%, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмаларын - 86,4% аткаргандыгын билдирди.

Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 1000ден ашуун арыз келип түшүп, 728 адам окутуудан өттү. Андан 553 адам сертификат алып, 240 адам жеке ишкер катары каттоодон өттү. Үй тибиндеги 33 бала бакча ачылып, 900 бала мектепке чейинки билим берүү камтылды. Алдыдагы бир айда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында дагы 25 үй тибиндеги бала бакча ачылат. Анын ичинен 10 бала бакчаны ачууга Кытай элчилиги жардамдашса, 15 бала бакча жергиликтүү бизнес коомчулугунун жардамы менен ачылмакчы” – деди министр.

Билим берүү жана илим министрлиги  акыркы үч  айда 2 миң 225 мектептин директорун окутуудан өткөрсө, 116 мектептин директору Татарстан Республикасынан окуп келди. Буга чейин мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсунан 14% гана өтүп келсе, быйыл дээрлик жарымы 41 миң мугалим окуудан өтүп жаткандыгын белгиледи К.Иманалиев.

 “Министрлик быйыл Кембридж университети менен окуу китептерин басып чыгаруу боюнча Меморандумга кол койгон. Учурда оксфорддун окуу китептерин апробациялоо иштери жүрүүдө. Быйыл 600 миң окуу китеби басылып, 1-сентябрга пайдаланууга берилет.

Мындан ары окуучулар колдонуучу окуу дептерлери Кыргызстандын өзүндө чыгат. Буга чейин окуу дептерлери Өзбекстан жана Россиядан алынып келчү. Жылына 15 млн дептерди чет жактардан ташып келчүбүз. Эми өзүбүздөн улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер өзүбүздөн чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана улуттук өндүрүштү да көтөрөт”, - деди Каныбек Иманалиев.

Министр ошондой эле ар бир мектепке илине турган мугалим, окуучу жана ата-эне үчүн этикалык кодекстер иштелип чыккандыгын кошумчалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар