“АЙ КЬЮ” МЕКТЕБИ БОЮНЧА ХРОНОЛОГИЯЛЫК МААЛЫМАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Июль 2023 ж. 17:57

Көрүлдү: 2038

09.12.2020-жылы “Ай Кью” окуу-тарбия комплекси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жалпы орто билим берүү программасы (окуунун күндүзгү, сырттан/экстернат формасы) боюнча лицензия алуу жөнүндө документ тапшырган. Министрликтин буйругу менен лицензиялык текшерүү жүргүзүү жөнүндө комиссия жиберилген. Лицензиялык талаптарга шарттары туура келбегендиктен комиссия жогоруда көрсөтүлгөн программа боюнча лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарган.

post.title

18.05.2021-жылы “Ай Кью” окуу-тарбия комплекси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жалпы орто билим берүү программасы (окуунун күндүзгү, сырттан/экстернат формасы) боюнча лицензия алуу жөнүндө арыз берген. Министрликтин буйругу менен лицензиялык текшерүү жүргүзүү жөнүндө комиссия жиберилген. 

18.06.2021-жылы Комиссиянын жыйынтыгы жана Лицензиялык кеңештин чечими менен күндүзгү жана сырттан окуу формасы боюнча лицензия берилген, ал эми экстернат боюнча лицензия берилген эмес. Аталган Лицензиялык кеңештин отурумуна “Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин директору М.Кубаева да катышкан.

16.03.2023-жылы “Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин жетекчилиги Министрликке экстерн боюнча окуучулардын мамлекеттик жыйынтыктоочу сынакка катышуусуна уруксат берүүсүн суранып кайрылуу жолдогон. 

17.03.2023-жылы Министрлик экстерн боюнча окуучулардын мамлекеттик жыйынтыктоочу сынакка катышуусун четке кагуу жөнүндө “Ай Кью” окуу-тарбия комплексине билдирүү жөнөткөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар