КЫРГЫЗ-ГЕРМАН КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Июль 2023 ж. 14:41

Көрүлдү: 1891

15-июлда Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев Бавариянын Экономика, аймактык өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерт башында турган Германия Федеративдүү Республикасынын делегациясы менен жолугушту.

post.title

Тараптар кызматташуунун учурдагы абалын жана келечекте кызматташтыкты бекемдөөгө түрткү боло турган кадамдарды талкуулады.

Бекжан Супаналиев Кыргызстан учурда кесиптик билим берүүнү артыкчылыктуу багыт катары көрөрүн, бул жаатта Германиянын ийгиликтүү тажрыйбасын билим берүү мекемелерине колдонууга даяр экенин билдирди.

Роланд Вайгерт ушул жылдын ноябрь айында Германияда кыргыз-герман экономикалык форуму өтөрүн айтып, форумда эки элдин кызматташтыгын мындан ары бекемдөө боюнча бир нече сүйлөшүүлөр, макулдашуулар ишке ашырыларын кабарлады.

Ошондой эле Роланд Вайгерт Кыргызстандын кызматташууга мүмкүнчүлүгү кеңири экенин, айрыкча адам ресурстарын өнүктүрүү, санариптик өнүктүрүү жаатында тыгыз кызматташтык жүргүзсө болорун белгиледи.

Министрдин орун басары Бекжан Супаналиев форум алгылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга мыкты аянтча болорун, министрлик тиешелүү сунуштарды форумдун күн тартибине сунуштоого даяр экенин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар