БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮН ЖАҢЫЛООНУ ТАЛКУУЛАШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Июль 2023 ж. 18:07

Көрүлдү: 902

14-июлда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, Бишкек шаарынын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, Кыргыз билим берүү академиясынын жана Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо институтунун кызматкерлери үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү саясаты башкармалыгы “Жаңы чөйрө: бала бакчалардын билим берүү мейкиндигин кантип өзгөртүү керек” деген темада Екатерина Каустованын презентациясын уюштурду.

post.title

Москва шаарындагы жеке потенциал программасынын жетекчиси Екатерина Кустова бала бакчалардын билим берүү мейкиндиктерин жаңылоо жана трансформациялоо боюнча эл аралык тажрыйба жөнүндө айтып берди.

Катышуучулар балдарды тарбиялоодо жөнөкөй ыкмаларды жана оюн формаларын колдонууну, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы педагогикалык ишке карата коомдун мамилесин өзгөртүүнү талкуулашты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар