КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ШВЕЙЦАРИЯ ӨКМӨТҮНҮН КОЛДООСУ МЕНЕН ДОЛБООР БАШТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Июль 2023 ж. 15:31

Көрүлдү: 1891

13-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда Швейцария өкмөтүнүн финансылык колдоосунун алкагында ишке аша баштаган Кыргыз Республикасындагы көндүмдөрдү өнүктүрүү долбоору, стипендиялык программалар, PISA изилдөөсүнө даярдык, окутуу санариптештирүү, билим берүү тармагын колдоодо эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз иш алып баруунун маанилүүлүгү талкуулашты.

Элчи министрге алгачкы жолугушуудагы жылуу маанай үчүн ыраазычылык билдирип, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады. Ошондой эле ал жакынкы күндөрү Швейцария өкмөтүнүн стипендиялык программасы жана бул программага катышууну каалаган кыргыз жарандары үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат жарыяланарын билдирди.

Министр Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү, билим берүүнү экспорттоо, кесиптик билим берүү өлкө экономикасынын негизин түзүүчү факторлордун бири экенин айтты.

Каныбек Иманалиев эл аралык донорлордун көмөгү менен Кыргыз Республикасы БУУ тарабынан бекитилген Туруктуу өнүгүү максаттары жаатында дүйнө жүзү боюнча 45-орунга көтөрүлгөнүн кубануу менен белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү тармагын колдоо боюнча кыргыз-швейцария мамилелерин өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар