БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Июль 2023 ж. 11:41

Көрүлдү: 973

“Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин тегерегиндеги акыркы окуялар боюнча Билим берүү жана илим министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

Биринчиден, “Ай Кью” окуу-тарбия комплекси жеке менчик окуу жай болуп эсептелет. Күндүзгү жана сырттан окуу формасына лицензия алган, бирок, экстернат (бир жылда 2 классты бүтүрүү) боюнча лицензия алган эмес. “Ай Кью” окуу-тарбия комплекси экстернатка лицензия алуу боюнча эки ирет арыз берген, талапка ылайык шарттары жок болгондуктан лицензия берилген эмес.

Экинчиден, Кыргызстан боюнча быйыл 152 окуучу экстернатка арыз берип, алардын 108и гана сынактан өтүшкөн. Ал эми “Ай Кью” окуу-тарбия комплекси эле 84 окуучуну экстернатка лицензиясы жок окуткан. Адатта экстернатка өтө мыкты окуп, билими менен өзү теңдүү окуучулардан айырмаланган жана эки жылдык программаны бир жылда өздөштүрө алган окуучулар гана кабыл алынат.

Үчүнчүдөн, алардын экстернат боюнча лицензиясы жок болгондуктан Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларга аттестат бере албайт жана алар жогорку окуу жайларга кабыл алынбайт.

Төртүнчүдөн, “Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин жетекчилиги бир жылда эки классты бүтүрүш үчүн 84 окуучунун ата-энесинен ар биринен 60 миң сомдо 75 миң сомго чейин (болжолу менен жалпы алты миллион сомдон ашык) акча алган, бул мыйзамсыз жана ата-энелерге кайтарылып берилиши керек. Аталган окуу жайдын жетекчилигинин жоопкерчиликке тартылуусун жана ата-энелерден алган акчаларды кайтартып берүүсүн укук коргоо органдарынан (Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ) өтүнөбүз.

Бешинчиден, биз Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын эч күнөөсү жок деп эсептейбиз жана окуучулардын укуктарын коргойбуз. Окуучулардын мамлекеттик мектептерде 11-классты мыйзамдуу окуп бүтүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп беребиз.

Алтынчыдан, аталган окуу жайга окшоп мыйзамсыз иштеп жаткан жеке менчик окуу жайларды текшерүү боюнча Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзөт.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар