ТОҢ РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ АЧЫК КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Июль 2023 ж. 11:00

Көрүлдү: 525

КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараты, кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже топтогу административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

post.title

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

– жеке арыз; (конкурстук комиссиянын атына)
– сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт);
– өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт);
– негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо);

– ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
– паспорт көчүрмөсү (сыннакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт).

 

Документтер 2023-жылдын 14-июлунан тартып 24-июлуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Дареги: Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Ленин көчөсү №71.

Тоң  райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты.

Сурап билүү телефону: тел. 91-7-72

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар