МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ОЛИМПИАДАЛАРЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Июль 2023 ж. 17:57

Көрүлдү: 877

Зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимин өркүндөтүүгө, чыгармачылык жөндөмүн жана изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын мектеп окуучулар арасында олимпиадаларды өткөрүп келет.

post.title

Республикалык олимпиададан тышкары табигый илимдер боюнча математика, физика, химия, биология, информатика боюнча Улуттук олимпиада жана Кыргыз-Швед мектеби менен биргеликте өткөрүлүүчү Республикалык математикалык олимпиада бар.  

Улуттук жана Республикалык математикалык олимпиадалардын өзгөчөлүгү ар бир каалоочу катышуу үчүн онлайн каттоодон өтө алат. Мектептин тибине жана окуган классына чектөө коюлбайт. Олимпиадаларга катышууну каалаган окуучуларга бирдей шарт түзүлүп, ар кайсы мөөнөттө өткөрүлөт.

Эл аралык олимпиадаларга Кыргызстандын атынан катышуучуларды аныктоо үчүн 2019-жылга чейин Республикалык олимпиада өткөндөн кийин тандоо туру өткөрүлүп, анын жеңүүчүлөрү барчу.

Бирок Кыргызстандын атынан катышуучуларын жөн гана тандоо менен эмес, аларды эл аралык олимпиадаларга даярдоо максатында математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча альтернативдүү олимпиада уюштурулган. Пилоттук катары 2 жыл өткөрүлгөн олимпиада жакшы натыйжа бергендиктен, ага “Улуттук” олимпиада деген статус берилген. Себеби, Эл аралык олимпиадалардын уюштуруу комитеттеринин талаптары боюнча улуттук олимпиадалардын жеңүүчүлөрү гана Эл аралык олимпиадаларга катыша алат.

Улуттук олимпиаданын тапшырмалары эл аралык олимпиадалардын талаптарына ылайык түзүлөт. Тапшырмаларды түзүү, олимпиаданы уюштуруу жана өткөрүү үчүн мугалимдердин тобу түзүлгөн. Ал топко мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, мурдагы жылдардын эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундарды ээлеген окуучуларды олимпиадага даярдаган мугалимдер тартылган.

Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана байгелүү орундардын ээлерине дүйнөлүк жана эл аралык олимпиадаларга катышууга жолдомо берилет.

Акыркы эки жылда Кыргызстандык окуучулар ар кандай деңгээлдеги эл аралык олимпиадаларга катышып, 3 алтын (биология жана геометрия), 19 күмүш жана 55 коло медаль алган.

Мугалимдердин эмгегин баалоо, аларды шыктандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, республикалык бюджеттен Республикалык олимпиаданын IV этабынын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгон окуучулардын мугалимдеринин негизги айлыгына бир жыл бою кошумча акча кошулат. Окуучу 1-орунду алса – 10 миң сом, 2-орунга – 7 миң сом, 3-орунга – 5 миң сом.

Математика, физика, химия, биология и информатика предметтери боюнча дүйнөлүк олимпиадаларда окуучулары байгелүү орундарга ээ болгон мугалимдерге бир жолку акчалай сыйлык берилет: 1-орун –  500 миӊ сом, 2-орун – 300 миӊ сом, 3-орун – 200 миӊ сом. Бул окуучулар менен системдүү иш алып барууга, эң негизгиси аларды жөн гана олимпиадага катыштыруу эмес,  зээндүү окуучуларды жана тажрыйбалуу мугалимдерди даярдоо, мектептердин жана район/шаарлардын рейтингин аныктоого шарт түзүлөт.

2022-2023-окуу жылында Улуттук олимпиадага 144 окуучу катышып, анын ичинен 20 окуучу 1-орунга, 25 окуучу 2-орунга, 30 окуучу 3-орунга ээ болду.

Бул жылы Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү алдыда эл аралык уюштуруу комитеттери тарабынан чакырылган төмөнкү олимпиадаларга катышат:

 

Предмет

Өткөрүлө турган жери

Өткөрүлө

турган мөөнөтү

Катышуучулардын саны

1

Математика

Тиба шаары (Япония)

2023-жылдын  3-июлунан 13-июлуна чейин

6 окуучу, 2 жетекчи

2

Биология

Аль-Айне шаары (Бириккен Араб Эмираты)

2023-жылдын 3-июлунан 16-июлуна чейин

4 окуучу, 2 жетекчи

3

Физика

Токио шаары (Япония)

2023-жылдын 10-июлунан 17-июлуна чейин

5 окуучу, 2 жетекчи

4

Химия

Цюрих шаары (Швейцария)            

2023-жылдын 16-июлунан 26-июлга чейин

4 окуучу, 2 жетекчи

5

Информатика

Сегед шаары (Венгрия)

2023-жылдын 28-августунан 5-сентябрына чейин

4 окуучу, 2 жетекчи

 

Жыл сайын эл аралык олимпиаларга катышкан окуучулардын авиабилеттерине жана эл аралык олимпиадалардын уюштуруу комиттери тарабынан аныкталган взносторго акча  республикалык бюджеттен төлөнөт. Ал эми окуучулардын жатаканасы, тамагы чакырган тараптардын эсебинен жүргүзүлөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар