КИТЕПКАНАЛАРДЫН БАЗАСЫНДА БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ ТҮЗҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Июль 2023 ж. 16:42

Көрүлдү: 1996

Бүгүн, 12-июлда Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

post.title

Меморандум балдарды мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтууну кеңейтүүгө жана китепканаларды өнүктүрүүгө багытталган.

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды окутуу жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинарларды уюштурат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү үчүн китепкана имараттарын берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар