ЖАШ ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨР ИНДЕКСТЕЛГЕН ЖУРНАЛДАРГА МАКАЛАЛАРДЫ ДАЯРДООНУ ҮЙРӨНӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Июль 2023 ж. 16:15

Көрүлдү: 1655

11-июлдан 14-июлга чейин “Scopus тарабынан индекстелген журналга илимий макаланы кантип жазуу жана жарыялоо керек” жайкы мектеп өткөрүлөт.

post.title

Билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек жайкы мектептин расмий ачылышына катышып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттер тарабынан иштелип чыккан бул интенсивдүү программа катышуучуларды Scopus тарабынан индекстелген журналдарда илимий макалаларды жазуу жана жарыялоо үчүн керектүү билим жана көндүмдөр менен жабдууга багытталган.

Жайкы мектептин 26 катышуучусу сынактын жыйынтыгында тандалып алынган.

Белгилей кетсек, жайкы мектеп Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ өкүлчүлүгү жана “Ала-Тоо” өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулууда.

Маалымат үчүн:

Scopus — рецензияланган адабияттарга, анын ичинде илимий журналдарга, китептерге жана конференциялардын материалдарына аннотацияларды жана цитаталарды камтыган маалымат базасы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар