МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЖАНА ЖАПОНИЯ ФОНДУНУН ЖЕТЕКЧИСИ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Июль 2023 ж. 15:10

Көрүлдү: 1871

Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев Жапониянын кайрымдуулук фондунун башкы директору Юма Мурануши менен жолугушту.

post.title

Юма Мурануши фонд дүйнө жүзү боюнча кайрымдуулук иштери менен алектенерин жана учурда Кыргызстандын аймактарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерин керектүү жабдуулар менен жабдуу боюнча долбоор даярдалып жатканын маалымдады.

Жапон тарап мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын тажрыйба алмашуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүү үчүн педагогдордун өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга даярдыгын билдирди.

Бекжан Султаналиев Япониянын тилин жана маданиятын үйрөнүүгө кыргызстандыктардын чоң кызыгуусун белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар