КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫНЫН КУРЖУНУНДА КОЛО МЕДАЛЬ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Июль 2023 ж. 11:20

Көрүлдү: 1576

Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Гаипов биология боюнча 34-Эл аралык олимпиадада (International Biology Olympiad, IBO) коло медаль жеңип алды.

post.title

Аталган олимпиада 3-июлдан 11-июлга чейин Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айне шаарында өтүп, ага 79 өлкөдөн 297 окуучу катышты.

Олимпиадага катышуучу ар бир өлкөдөн 4 окуучудан турган курама команда жиберилет.

Кыргызстандын биология боюнча курама командасы:

1. Эльбрус Тажибаев – команданын лидери жана IBO калыстар тобунун мүчөсү;

2. Даян Мэлисов – машыктыруучу жана IBO калыстар тобунун мүчөсү;

3. Байзак Карыпжанов, Манас Ата Талас лицейи, 10-класс;

4. Алай Алмазов, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 11-класс;

5. Данияр Гаипов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс;

6.  Азирет Анварбеков, Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 10-класс.

Биология боюнча Эл аралык олимпиада (International Biology Olympiad) — 15 жаштан 21 жашка чейинки мектеп окуучуларынын ортосундагы биология боюнча илимий жарыш. Ал 1990-жылдан тарта жыл сайын июль айында өткөрүлүп келет. Кыргызстан бул олимпиадага 1994-жылдан бери катышат.

Мындан сырткары Кыргызстандын 6 окуучудан турган математика боюнча курама командасы Японияда өткөн математика боюнча 64-Эл аралык олимпиадага катышып келди. Команда 79 упай топтоду. Окуучулар олимпиадага катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланды.  

Кыргызстандын  математика боюнча курама командасынын жыйынтыгы:

  1. Корнияш Фёдор, Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи  – 17 упай;
  2. Асанкадыров Айдин, Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи – 15 упай;
  3. Дүйшөбаев Нуртилек, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси – 13 упай;
  4. Бобрус Ян, “Газпром Кыргызстан” мектеби  12 упай;
  5. Искандеров Эльдар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси – 11 упай;
  6. Аскербеков Тилек, “ЮВИС” (UWIS) Эл аралык мектеби – 11 упай.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар