БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Июль 2023 ж. 18:50

Көрүлдү: 707

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүүчүлөргө жалпы орто билими жөнүндө аттестаттарды берүү боюнча “Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин ишмердүүлүгүнүн айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

“Ай Кью” ОТК жеке менчик формасындагы мекеме болуп эсептелгендиктен, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 56-пунктуна ылайык, билим берүү иши (мектепке чейинки, жалпы баштапкы, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан башка) лицензияланууга тийиш.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, мектепке чейинки, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто жана мектептен тышкаркы билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан тышкары билим берүү уюмдары билим берүү программаларын ишке ашырууну тиешелүү лицензияларды алгандан кийин гана башташат.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, “билим берүү программалары окуп жаткандардын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки жана нөөмөттүк), сырттан окуу, экстернат, ошондой эле үй-бүлөлүк жана үйүндө окутууну кошуп алганда жекече мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы деңгээлдеги билим берүү формаларында өздөштүрүлөт”.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы №334 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө Убактылуу жобонун (мындан ары-убактылуу жобо) 2-пунктуна ылайык, уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү. Убактылуу жобонун №7 тиркемесине ылайык лицензиянын бланкында лицензия берилген окуу формасы көрсөтүлөт.

Ай Кью” ОТК Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен 2021-жылдын 18-июнунда (LS210001253) жалпы орто билим берүү программасы боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия алган, ага ылайык жалпы орто билим күндүзгү жана сырттан окуу формасында 160 окуучунун чектелген контингенти жана 2 жылдык окуу мөөнөтү менен берилиши мүмкүн.

Ошону менен бирге эки жылдык окуу программасы бир жылдык окууда өздөштүрүлгөн учурда экстернат формасында программаны өздөштүрүү тездетилген программа боюнча жүргүзүлө тургандыгын белгилейбиз. Бул учурда жалпы орто билим берүү программасы (10-11-класстар) бир окуу жылында өздөштүрүлүшү керек.

Ай Кью” ОТК окутуу формасы боюнча берилген “экстернат” лицензиялардын реестрине киргизилбейт.

Лицензиялоо боюнча кеңештин 2021-жылдын 14-июнундагы №12-10 чечими менен “Ай Кью” ОТК лицензиялык талаптарга ылайык келбегендигине байланыштуу экстернат окутуу формасы боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия берүүдөн баш тартылган.

Ай Кью” ОТК тиешелүү лицензиясы жок, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен 2022-жылдын сентябрь айында  экстернат түрүндө жалпы орто билим берүүгө 84 окуучуну кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, “билим берүү уюмдары ... лицензиялоодон жана андан кийин аккредитациялоодон өткөн билим берүү уюмдары жалпы негизги билим берүү жана (же) кесиптик негизги билим берүү программаларын толук өздөштүргөн жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү тийиштүү документ берилет”, тиешелүү лицензиясы жок билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрү билими жөнүндө тиешелүү документ алууга укугу жок.

Түзүлгөн кырдаалда Ай Кью” ОТКнын окуучулары жалпы орто билим берүү программасы боюнча (11-класс, анткени окуу жылы боюнча алар 10-классты аяктаган) күндүзгү же сырттан (кечки) окуу формасында окуусун улантууга укуктуу.

Маалымат үчүн:

2022-2023-окуу жылында республика боюнча жалпы орто билим берүү программасы боюнча экстернат формасында жалпысынан 152 окуучу билим алды. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 108 окуучу өз билимин тастыктап, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга киргизилди. Ал эми 44 окуучу 2023-2024-окуу жылында жалпы орто билим берүү программасын өздөштүрүүнү улантышат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар