БАТКЕН РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ АЧЫК КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Июль 2023 ж. 11:31

Көрүлдү: 565

КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараты, кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже топтогу административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

post.title

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

– жеке арыз (конкурстук комиссиянын атына);
– резюме (электрондук дарегин кошо көрсөтүү);
– өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалыматты көрсөтүү);
– негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо);

– ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
– паспорт көчүрмөсү (сынакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт).

Толугураак: https://edu.gov.kg/announcements/266/

Документтер 2023-жылдын 11-июлунан 21-июлуга чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, Курбаналы Сабыров көчөсү, №10 (Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты)

Сурап билүү телефону: 0773890780

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар