КЕСИПТИК ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Июль 2023 ж. 10:18

Көрүлдү: 696

Бүгүн, 10-июлда 2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды.

post.title

Абитуриенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу жүргүзүлөт.

Кабыл алуу башталгандан тарта 1,5 сааттын ичинде 1 миң 495 абитуриент каттоодон ийгиликтүү өттү.

КООЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу графиги:

I тур – 10-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 17:00гө чейин;

II тур –28-июль саат 8:00дөн 7-август саат 17:00гө чейин;

III тур – 14-август саат 8:00дөн 24-август саат 17:00гө чейин.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар