МУГАЛИМДЕР “АДАМ ЖАНА КООМ” ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Июль 2023 ж. 18:07

Көрүлдү: 1976

Жалпы билим берүү уюмдарынын 7-8-класстары үчүн иштелип чыккан “Адам жана коом” предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплексттерди карап чыгуу үчүн форум/тренинг өткөрүлүүдө.

post.title

Форум-тренингге Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, министрликке караштуу түзүмдүк бөлүктөрдүн кызматкерлери жана республиканын аймактарынан 43 предметтик мугалим катышууда.

Форумдун максаты:

- мугалимдерди жалпы билим берүү уюмдарынын 7-8-класстары үчүн “Адам жана коом” предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплексттер менен тааныштыруу жана алардын мазмуну боюнча сунуш-пикирлерди алуу;

- Окуу-методикалык комплекстердин негизи катары “2021-2026-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясын” презентациялоо.

Форум 5-июлдан 8-июлга чейин өтөт.

Белгилей кетсек, иш-чара “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар