КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЕККУнун БИШКЕКТЕГИ ПРОГРАММАЛЫК КЕҢСЕСИНИН БАШЧЫСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Июль 2023 ж. 17:59

Көрүлдү: 855

Бүгүн, 7-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушуп, жемиштүү кызматташтыгы үчүн министрликтин Ыраазычылык катын тапшырды.

post.title

Ошондой эле Каныбек Иманалиев Алексей Роговду 2024-жылы Кыргызстанда өтө турган “Билим берүү жана климаттын өзгөрүшү” темасындагы “Schools2030” Глобалдык форумга катышууга чакырды.

Жолугушууда тараптар билим берүү тармагын өнүктүрүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ 4) ишке ашыруунун алкагында “жашыл” экономика жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулап, биргелешкен иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.

Министр Каныбек Иманалиев Кыргызстандын студенттерине “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында экологияны коргоо боюнча жасап жаткан иштери үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысына ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар