БатМУнун АРХЕОЛОГИЯЛЫК ТАБЫЛГАЛАРЫ ЕВРОПАГА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨГӨ ЖИБЕРИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Июль 2023 ж. 17:46

Көрүлдү: 1672

Баткен мамлекеттик университети жүргүзгөн археологиялык казууда I,VI кылымдарга таандык кумура, курдун тогосу, бычак, канжар сыяктуу табылгалар, адамдын сөөктөрү табылган.

post.title

Археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Ал жакта радиоуглеродук лабораторияда антропология, геология, генетикасы боюнча анализдер жана изилдөөлөр чыгарылат. 

Он беш адамдан турган археологиялык топ 2023-жылдын 11-июнунан 22-июнуна чейин 10  күндүк казуу иштерин жүргүздү. Археологиялык казуу иши КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун, археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаеванын жетекчилигинде жүргүзүлдү. 

Илимий изилдөөгө  ОшМУ, ОшМПУ жана БатМУнун магистранттары, студенттери катышышты.

Белгилей кетсек, 1956-1960-жылдардан бери Баткен районунун  аймагында археологиялык илимий изилдөө  жүргүзүлгөн эмес.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар