ЫСЫК-КӨЛДӨ “ЧЫГЫШ ЧЕБЕРЛЕРИ” ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМУ ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Июль 2023 ж. 15:52

Көрүлдү: 752

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль” кафедрасы технология жана көркөм өнөр мугалимдери, колдонмо-жасалга өнөрүнүн чеберлери жана кесипкөй сүрөтчүлөр арасында “Чыгыш чеберлери” эл аралык симпозиумун өткөрүүдө.

post.title

6-июлда Бишкекте башталып, 7-8-июлда Ысык-Көлдө уланып жаткан симпозиумдун ишине Астана, Шымкент шаарларынан келген коноктор, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, Евразия эл аралык университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин өкүлдөрү катышууда.

Симпозиумдун максаты – педагогдордун чыгармачылыгына дем берүү, билим берүү чөйрөсүндө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн технология, көркөм өнөр мугалимдери менен тажрыйба алмашуу, ошондой эле технология жана көркөм сүрөт предметтеринин кадыр-баркын жогорулатуу.

Симпозиумдун жүрүшүндө Нарын мамлекеттик университетинин улук окутуучусу Ж.Т.Мамбеталиев пленэр жана живопись боюнча мастер-класстарды өткөрөт.

Мыдан сырткары катышуучулар үчүн КР эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин “Чеберлер айылы жана Көркөм өнөр музейине” экскурсия уюштурулат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар