“ЫСЫК-КӨЛ ДОСТОРУН ЧАКЫРАТ-2023” ЭТНО-КАРНАВАЛЫНА 400ДӨН АШУУН БАЛА ЧОГУЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Июль 2023 ж. 11:45

Көрүлдү: 682

“Чыңгыз Айтматов өзүнүн эң мыкты чыгармаларын Ысык-Көлдүн жээгинде жазган. Андыктан Ысык-Көл сиздерди сөзсүз шыктандырат деп ишенем, - деди бүгүн, 7-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” XIII Эл аралык этно-карнавалынын делегация өкүлдөрү менен жолугушууда.

post.title

Министр этно-карнавал достуктун, маданий интреграциянын, тажрыйба алмашуунун башаты болгон эң сонун долбоор экендигин белгиледи.

Этно-карнавалга катышуу үчүн 7-июлдан 12-июлга чейин Белоруссия, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 400дөн ашуун бала чогулат.

Этно-карнавал КР Президентинин “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору тарабынан уюштурулууда.

Этно-карнавалдын максаты –Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө, жандандыруу жана сактоо, көркөм, музыкалык, вокалдык, хореографиялык таланттарды өнүктүрүү, балдардын достугун чыңдоо.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар