КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ МЫКТЫ 900 УНИВЕРСИТЕТТИН КАТАРЫНДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Июль 2023 ж. 17:30

Көрүлдү: 608

Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS Quacquarelli Symonds Ltd түзгөн рейтингде дүйнөнүн эң мыкты 1000 университеттин катарына кирди.

post.title

Окуу жай QS World University Rankings 2024 рейтингинде 104 ѳлкѳдѳ мыкты деп табылган 1 миң 503 жогорку окуу жайдын ичинен эң алдыңкы 851-900 университеттин катарынан орун алды.

Quacquarelli Symonds Ltd агенттиги эң абройлуу үч глобалдык рейтингдин бири катары эсептелген QS World University Rankings рейтингин түзөт.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин сайтындагы маалыматка ылайык, бул рейтингдеги туруктуу көрсөткүчтөр анын дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүүгө, илим изилдөөгө жана жаңы инновациялар үчүн жандуу чөйрөнү түзүүгө умтулгандыгынын далили болуп саналат. Дүйнөдөгү эң мыкты 900 университеттин катарына кирген КТМУ өзүнүн интеллектуалдык күчүн жана билимге болгон аракетин жогорку деңгээлдеги ишке ашыруу планын улантууда.

Ссылка: https://www.topuniversities.com/universities/kyrgyz-turkish-manas-university

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар