“АЛТЫН” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Июнь 2023 ж. 16:00

Көрүлдү: 33493

Кыргызстандын абитуриенттери арасында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду.

post.title

Бүгүн, 20-июнда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага 2023-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмесин тапшырды.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору берген тизмеге ылайык, Бишкек шаарынан – 39, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 4, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 окуучу “Алтын сертификат” алат.

Тизме:

  1. Кызжибек Жээнбекова (236) – Ош шаары, №4 С.Киров атындагы орто мектеби;
  2. Нурсейит Төрөбаев (236) –  Бишкек шаары, Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  3. Елизавета Алпацкая (234) – Бишкек шаары, “Гарвард Интернейшнл Скул” окуу-тарбия комплекси;
  4. Аделя Сейитова (234) – Бишкек шаары, “Маариф” билим берүү комплекси;
  5. Аман Есеналиев (233) – Бишкек шаары, Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  6. Айчүрөк Ишенбекова (232) – Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  7. Атийя Кайыпова (232) – Бишкек шаары, № 12 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  8. Бегимай Карыбекова (232) – Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чок-Тал айылы, З.Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейи;
  9. Нургиза Жоробаева (231) – Бишкек шаары, А.Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  10. Нурислам Абдисаматов (230) – Чүй облусу, Жайыл району, Ново-Николаевка айылы, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүүчү лицейи;
  11. Деңиз Асанакунова (230) – Бишкек шаары, “Газпром Кыргызстан” мектеби;
  12. Асем Тишкимбаева (230) – Бишкек шаары, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;
  13. Айжан Аскарбекова (229) – Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  14. Адилет Аскаров (229) – Бишкек шаары, №31 мектеп-гимназиясы;
  15. Марат Кыштобаев (229) – Бишкек шаары, Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  16. Атайбек Соорбеков (229) – Бишкек шаары, №12 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  17. Айбийке Турдугалиева (229) – Бишкек шаары, Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  18. Саид Алиев (228) – Бишкек шаары, “Келечек” билим берүү комплекси;
  19. Санжар Киргизбаев (227) – Бишкек шаары, Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  20. Сабира Кубанова (227) – Бишкек шаары, А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы;
  21. Кубат Рысбеков (227) – Бишкек шаары, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
  22. Томирис Асарматова (226) - Бишкек шаары, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;
  23. Эркеайым Жаныбекова (226) – Бишкек шаары, К.Бобулов атындагы №88 жалпы орто  билим берүүчү мектеби;
  24. Михаил Казанцев (226) – Бишкек шаары,“Ыйык Апостоль князь Владимир мектеби” билим берүү мекемеси;
  25. Сабина Маратбек кызы (226) – Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад  шаары, “Билимкана- Жалал-Абад” орто мектеби;
  26. Гүлайым Назарова (226) – Нарын облусу, Ат-Башы району, Кызыл-Туу айылы, К.Керималиев атындагы орто мектеби;
  27. Акылай Орозова (226) – Чүй облусу, Кара-Балта шаары, “Билимкана-Кара-Балта” мектеби;
  28. Ишенаалы Раяпов (226) – Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекс;
  29. Деңиз Абдулдабекова (225) – Бишкек шаары, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;
  30. Муратбек Ажымаметов (225) – Ош облусу, Ош шаары “Сема” Ош лицейи;
  31. Рухсанем Бакиева (225) – Бишкек шаары, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;
  32. Шаа-Хан Бейшенбек уулу (225) – Нарын облусу, Ак-Талаа району, Кош-Дөбө айылы, Э.Мейманов атындагы орто мектеби;
  33. Айгерим Бекибаева (225) – Бишкек шаары, №66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби ” гимназия окуу-тарбия комплекси;
  34. Рената Зиянгараева (225) – Бишкек шаары, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
  35. Бектур Момунов (225) – Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи;
  36. Айтегин Муратбеков (225) – Бишкек шаары, №13 мектеп-гимназиясы;
  37. Аскат Рахымбеков (225) – Талас облусу, Талас шаары, Э.Айылчиев атындагы №7 орто мектеби;
  38. Үмүт Сакиева (225) – Бишкек шаары, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи;
  39. Арлен Сейталиев (225) – Бишкек шаары, Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  40. Рейна Арстанбекова (224) – Бишкек шаары, №67 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  41. Мээрим Аскарбекова (224) – Талас облусу, Талас шаары, “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк  кыздар лицей;
  42. Эрбол Сатиндиев (224) – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи;
  43. Феруз Турсунов (224) – Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи;
  44. Айназик Айдарканова (223) – Бишкек шаары, “Айчүрөк” Бишкек лицейи;
  45. Нурия Айтмаматова (223) – Ош облусу, Кара-Суу району, А.Сматов атындагы орто мектеби;
  46. Адеми Акылбекова (223) – Бишкек шаары, №9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  47. Руслан Албаев (223) – Бишкек шаары, №33 мектеп-гимназиясы;
  48. Адилхан Алыйманов (223) – Бишкек шаары, Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  49. Елизавета Булгакова (223) – Бишкек шаары, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
  50. Даниэл Камалов (223) – Ош облусу, Ош шаары, “Сема” Ош лицейи;
  51. Анна Кузнецова (223) – Бишкек шаары, “Эврика” гимназия билим берүү комплекси;
  52. Дарика Медерова (223) – Бишкек шаары, “Келечек” билим берүү комплекси;
  53. Айдай Шарабидинова (223) – Бишкек шаары, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
  54. Эрлан Эсенгельдиев (223) – Бишкек шаары, №25 жалпы орто билим берүүчү мектеби.

 

Урматтоо менен,

КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) – (996) 502 664838, (996) 772 664838,

Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгы (МББКЧСБ) – (996) 312 663036

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар