БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Июнь 2023 ж. 17:49

Көрүлдү: 1189

Билим берүү жана илим министрлиги Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары кабылган жол кырсыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

Жол кырсыгы 2023-жылдын 1-июнунда катталган. “Hyundai Porter” автоунаасынын ичинде “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9а-б-класстарынын окуучулары жана класс жетекчилери болгон.  Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова, А.Үрүстөм кызы менен биргеликте виньеткага сүрөткө түшүшкөн. Андан соң саат 18:30да Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасына барып сүрөткө түшөбүз деп,  “Hyundai Porter” автоунаасына 25 окуучу  чыккан. Автоунааны 9“б”-класстын  класс жетекчиси А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо автоунаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.   

Кырсыктан 9 окуучу  Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы. Окуучу кыздар 6-июнда томографиялык текшерүүдөн өтүшөт.

Учурда жол кырсыгына кабылган окуучулардын окуясы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мектеп администрациясына жана  класс жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар