9-11-КЛАССТЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Июнь 2023 ж. 10:48

Көрүлдү: 773

Бүгүн, 2-июнда өлкө мектептеринде 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды.

post.title

9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү 5 предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана 1 тандоо боюнча аттестациядан өтөт.

9-класстын аттестациядан өтүү графиги:

  1. 2023-жылдын 2-июну – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;
  2. 2023-жылдын 7-июну – эне тилинен, дилбаяндын элементтери менен баяндама;
  3. 2023-жылдын 12-июну – кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө);
  4. 2023-жылдын 15-июну – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;
  5. тандалган предмет боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп - лицейлер, мектеп - гимназиялар, окуу - тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).

11-класстын аттестациядан өтүү графиги:

  1. 2023-жылдын 2-июну – эне тили жана адабияты, эссе;
  2. 2023-жылдын 7-июну – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;
  3. 2023-жылдын 12-июну – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;
  4. 2023-жылдын 16-июну – кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана/же орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө).
  5. тандалган предметтер боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, окуу-тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).

Жазуу түрүндɵ өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы саат 9.00дɵ башталат.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар