БИШКЕКТЕ ҮЙ ТИБИНДЕГИ ЭКИ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Июнь 2023 ж. 17:14

Көрүлдү: 2695

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда эки бала бакча ачылды. NurKiDs бала бакчасы Жибек-Жолу – Исанов көчөсүндө ачылса, дагы бир үй тибиндеги бала бакча "Ак-Босого" жаңы конушунда ачылды.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо жана Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева  катышты.

“Бүгүн, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө борборубузда үй тибиндеги бала бакчалар ачылып жатат. "Өкмөттүк акселератор" программасынын максаты кыска мөөнөттө бала-бакчаларды ачуу менен балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтуу болуп саналат. Алсак, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1 млн 18 миң баланын 200 миңи гана бала бакчага барат. Жалпысынан 1 миң 725 бала бакча болсо, анын 95% мамлекеттик-муниципалдык менчик тибинде, ал эми  5% жеке бала бакчалар.  Учурда 100 күн ичинде жаңы конуштарда жеңилдетилген шартта бала бакча ачууга мумкүндук ачуу маселесинин үстүндө иш алып барып жатабыз”, - деди Асел Чынбаева.

Жеке ишкер Жанат Сүйүнбекова балдар үчүн бардык тийиштүү шарттар каралган үй тибиндеги "NurKiDs" бала бакчасын ачты. Ал жер тамда жайгашып, 25 балага чейин кабыл алууга болот.

Белгилей кетсек, долбоор Бишкек шаарынын Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жаңы конуштарында ишке ашырылууда. Кыска мөөнөттүү атайы окуудан жана ишкер катары каттоодон өткөн жактар турак-жайларда үй тибиндеги балдар бакчасын ачууга мүмкүндүк алышат.
Учурда жеке жактардан “ ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР ТАРАБЫНАН КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫ” башталгыч курсуна арыздар кабыл алынууда.

Кызыккан жактарга төмөнкү шилтеме боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: https://forms.gle/nBrWAFVfyB5ex5Nq7

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар