“САЛТТАР ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ” БАЛДАР СҮРӨТТӨРҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Июнь 2023 ж. 16:14

Көрүлдү: 2004

Бүгүн, 1-июнда Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Салттар дүйнөсүнө саякат” аттуу балдар сүрөттөрүнүн эл аралык сынагынын жыйынтыгы боюнча көргөзмө ачылып, сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.

post.title

Аталган иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов катышты.

Билим берүү жана илим министрлиги менен Республикалык “Балажан” эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан уюштурулган “Салттар дүйнөсүнө саякат” аттуу балдар сүрөттөрүнүн эл аралык сынагына 6 жаштан 17 жашка чейинки 1380 бала катышкан. Анын ичинен 104 иш мыкты деп табылды.

Жеңүүчүлөргө сыйлыкты министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева тапшырып, балдарга жаркын келечек каалады.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

I орун – Калмукашова  Нурпери (Кыргызстан), Токтобекова Айзирек (Кыргызстан), Бештоева Габриэлла (Кабардино-Болкария), Ловчева Эвелина (Кыргызстан), Азаматова Айназик (Кыргызстан), Каримова Камила (Өзбекистан), Иманкулова Адина (Казакстан), Орозали кызы Рукиййа (Кыргызстан).

II орун – Соронкулова Акмарал (Кыргызстан), Еркуатова Айлин (Казакстан), Маммадова Айдан (Азербайжан), Беренице (Австрия), Софи Бекмурзаева (Бириккен Араб Эмираттары), Ильяна Самгурова (Кабардин-Балкария).

III орун – Финкилштейн Джеймс (Израиль), Сулайманова Айтолкун (Кыргызстан), Хобенко Ролан (Казакстан),  Жолдошбекова Арууке (Кыргызстан).

Мындан башка дагы 43 катышуучуга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар