МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЛАРЫ “БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК” ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Июнь 2023 ж. 16:02

Көрүлдү: 1798

Бүгүн, 1-июнда билим берүү жана илим министринин орун басарлары Токтобүбү Ашымбаева жана Аида Рысбаева “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда өткөн “Бактылуу балалык - Счастливое детство” республикалык фестивалына катышты.

post.title

Министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева балдарды майрамы менен куттуктап, ар бир күнүңөр бүгүнкүдөй жакшы маанай, унутулгус сезимдерге толсун деди.

“Бүгүн биздин бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максаты жана маңызы болгон балдарыбыз үчүн өзгөчө майрам. Балдар бизге эстен кеткис көз ирмемдерди, сезимдерди тартуулоо менен бизди балалыгыбызга алып барат. Ар баланын ата-энесинин кучагында мээримге бөлөнүп, бактылуу турмушта өмүр сүрүүсүн каалайм”, - деп билдирди Ашымбаева.

Фестивалдын коноктору балдардын эмгектери коюлган көргөзмө, мастер-класс жана концерттик программага күбө болушту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар