БИШКЕКТЕ “ОКУЙБУЗ, ЖАРАТАБЫЗ, ИЗИЛДЕЙБИЗ!” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Июнь 2023 ж. 15:45

Көрүлдү: 620

Бүгүн К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында “Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!” республикалык сынагынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

post.title

Сыйлык тапшыруу аземинде Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова жана “Окуу керемет!” долбоорунун директорунун орун басары Нургүл Токтогулова куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Айнура Кусеинова сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктап, чыгармачылык ийгилик, бактылуу балалык жана ден соолук каалады.

Сынактын катышуучулары өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүштү.

Сынак Билим берүү жана илим министрлиги менен USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу астында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар