БОРБОР КАЛААНЫН БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУНДА БИРИНЧИ ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

31 Май 2023 ж. 17:36

Көрүлдү: 738

31-майда Бишкек шаарынын Биринчи май районунда үй тибиндеги бир бала бакча ачылды. Эртең, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө дагы экөө иштеп баштайт.

post.title

Бул үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылды.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын жетекчилиги алдында долбоорду ишке ашыруучу жумушчу топтун отуруму өттү.

Отурумга билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, министрликтин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери жана мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери катышты.

Отурумдун катышуучулары жеке ишкерлерди каттоо мүмкүнчүлүгү үчүн жарандарды убактылуу жашаган жери боюнча каттоо боюнча регламенттин долбоорун, мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүнү пландаган адамдарды жана балдарды медициналык кароо маселелерин талкуулашты.

Учурда жеке жактардан “ ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР ТАРАБЫНАН КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫ” башталгыч курсуна арыздар кабыл алынууда.

Кызыккан жактарга төмөнкү шилтеме боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: https://forms.gle/nBrWAFVfyB5ex5Nq7

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар