ТИГҮҮЧҮЛӨРГӨ ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ АЧУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР БЕРИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Май 2023 ж. 17:37

Көрүлдү: 469

2023-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Үсөнбекованын жетекчилиги астында үй тибиндеги балдар бакчаларын ачуу аркылуу жеңил өнөр жай тармагындагы жумушчулардын жетишсиздигин чечүү маселеси талкууланды.

post.title

Жолугушууга «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, жарандык коом жана жеңил өнөр жай тармагынын  өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи Май райондорунда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү каттоодогу тоскоолдуктарды азайтуу боюнча "Өкмөттүк акселераторлор" пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңири маалымат берилди.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча кыска мөөнөттүү окуудан өтүү үчүн 700 аялдан арыз түшкөн.  Учурда 200 аял  окуудан өтүп, сертификат алат.

Учурда үй тибиндеги бала-бакчалардын иштешине негиз берүүчү тийиштүү ченемдик-укуктук актылар  иштелип чыгып, жөнөкөйлөтүлгөн эрежелер боюнча ишкердик жүргүзүү үчүн шарттар каралган. Бул долбоор 17-мартта старт алып, Министрлер  Кабинетинин көзөмөлүндө 100 күндүн ичинде ишке ашырылышы керек. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар