КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Май 2023 ж. 16:01

Көрүлдү: 1765

Бүгүн, 30-майда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн “Жаштар элдин үмүтү, өлкөнүн келечеги” аттуу республикалык жаштар форумуна катышты.

post.title

Министр Каныбек Иманалиев ааламдашуу доорунда жаштардын маалыматтык технологияларды өздөштүрүүсү учурдун талабы экендигин белгиледи.

“Ар бир кыргызстандык кыргыздын тарыхын, санжырасын, тилин билүүсү – улуттук парз. Ал эми мекен чек арасынан чыккандан кийин башка өлкө менен атаандаш болобуз десек, англис тилин, IT технологияларын жана STEM предметтерин жогорку деңгээлде билүүбүз керек. Ансыз алдыңкы өлкөлөр менен теңтайлаша албайбыз. Биз улуттун интеллектиси бийик экендигин далилдешибиз керек.

Быйыл республикадагы мектептердин 50% 3D форматында окута баштайт. Бул үчүн мугалимдер 3 ай бою окутулат. Кийинки жылдан тарта бүт мектептер бул форматка өтөт. Мында окуучу бир убакта көрөт, окуйт, кабыл алат жана музыкалык коштоо болот”, - деди министр.

Форумга белгилүү билим, илим жана саясат ишмерлери чакырылган.

Форумдун жүрүшүндө секциялык талкуулар орун алып, баяндамалар жасалды. Ошондой эле Кыргыз улуттук университетинин студенттеринин эмгектери коюлган “Мени сени сүйөм, өмүр” сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар