ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДАГЫ СПАРТАКИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Май 2023 ж. 16:40

Көрүлдү: 427

Бишкек шаарында окуучулар арасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча VIII республикалык спартакиада өттү.

post.title

Спартакиаданын максаты – жаштарды   дене тарбия   жана   спорт   менен   үзгүлтүксүз машыгууга кызыктыруу, аскерге чейинки даярдыктарды чыңдоо, жаштарды жалпы массалык  спорттук машыгууга  көнүктүрүү,   окуучулардын ден соолугун чыңдоо жана спорттук чеберчилигин өркүндөтүү.

Республикалык кароо-сынакка облустук денгээлдеги мелдештердин жеңүүчүлөрү саналган 9 команда катышты.

Жыйынтыгында республикалык этапта байгелүү орундарга ээ болгон тайпалар:

1-орун – Бишкек шаарындагы Сверлов районунун № 89 жалпы билим берүү орто мектебинин командасы;

2-орун – Талас облусунун Талас шаарындагы Талас облустук лицей-комплексинин командасы;

3-орун – Ош облусунун Ноокат районундагы Жийде орто мектебинин жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Ч.Түлөбердиев атындагы № 2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинин командалары. 

Жеңүүчүлөр жана катышуучулар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атайын дипломдору, ыраазычылык каттары, ошондой эле мектептердин материалдык- техникалык базасын чыңдоого керектелүүчү баалуу белектер менен сыйланышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар