КЕСИПТИК ОКУТУУНУ КОЛДОО МАКСАТЫНДА МИНИСТРЛИККЕ БИЛИМ БЕРҮҮ МАТЕРИАЛДАРЫ ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Май 2023 ж. 15:46

Көрүлдү: 1774

27-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова жана «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун кызматкерлери кесиптик билим берүү үчүн окуу материалдарын тапшыруу аземине катышты.

post.title

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

GIZ Германия өкмөтүнүн атынан кыргыз жана орус тилдериндеги окуу комплектисин тапшырды, анын ичинде тигүү багытында санариптештирилген үлгүлөр жана чиймелер, газ электр ширетүү боюнча онлайн сабактар, тигүүчүлөрдү, ширетүүчүлөрдү, сантехниктерди кесиптик окутуу, «Жогорку ылдамдыкта тигүү», «Сантехник», «Тамчылатып сугаруу» курстары боюнча өндүрүштүк окуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн материалдар, энергияны үнөмдөө менен куруу жана оңдоо, күнөсканаларды куруу, тамчылатып сугаруу жана жашылча өстүрүү боюнча колдонмолор камтылган.

«Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» долбоору кыска мөөнөттө жумушсуз жарандарга кесиптик билим берүүнү колдоо иретинде түзүлгөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар