БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Май 2023 ж. 14:06

Көрүлдү: 659

Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, 2023-жылдын 25-майында №16 С.Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги “Акыркы конгуроо”салтанатында катталган окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

post.title

Аталган мектептин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу иш-чара өтүп жаткан аянтка кирип келе жаткан. Бүтүрүүчүлөрдүн бири А.Ж. пиротехникалык каражатты күйгүзүп жаткан мезгилде 7-класстын окуучусу Ж.М. жанына бара калган, аны эч ким чакырган эмес. Натыйжада окуучу Ж.М. жүзү күйүп калган. Учурда ал Жалал-Абад шаардык ооруканасында, абалы жакшы.

Буга чейин жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине пиротехникалык каражаттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кол койдурулган.

Мындан улам №16 С.Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин убактылуу директордун милдетин аткаруучу А.С.Хаджимидинов жана директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары М.Абдуллаходжаева ээлеген кызматынан бошотулду.

 

Билим берүү жана илим министрлиги эскертет!

Жалпы билим берүү уюмдарында уюштурулган бардык иш-чараларда пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынат!

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар