УЛАНБЕК УСЕКОВ «КООМДУК КАБЫЛДАМА» АРКЫЛУУ ЖАЗЫЛГАН ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Май 2023 ж. 18:23

Көрүлдү: 2115

26-майда Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков мамлекеттик органдын “Коомдук кабылдамасы” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.

post.title

Жарандар окуу-тарбия иштеринин сапаты, билим берүү мекемелеринин ишинин ачык-айкындуулугу боюнча суроолор менен кайрылышты.

Министрдин биринчи орун басары жарандардын көйгөйүн угуп чыгып, бардык кайрылуулар жана сунуштар дыкат каралып, КР мыйзамдарына ылайык чечилерин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Уланбек Усеков Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө көтөрүлгөн маселелерди көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Белгилесек, Коомдук кабылдамага төмөнку телефон номурлары боюнча кайрылууга болот: +996(312) 62-05-19, жарандардын кайрылуулары үчүн электрондук дарек: minedukg@gmail.com

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар